Жалпы 180 фура кезек күтүүдө. Кыргыз-казак чак арасындагы азыркы абал

Буга чейин Чек ара кызматы казак тарап машиналарды жай өткөрүп жаткандыктан чек арага жүк ташуучу транспорт топтолуп калып жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы бүгүн саат 12:00гө карата Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жүк ташуучу канча автоунаа посттон өтүү үчүн кезек күтүп турганын маалымдады.
"Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда — 67, "Чалдыбар" өткөрүү пунктунда — 53, "Чоң-Капка" өткөрүү пунктунда 60 жүк ташуучу унаа чек арадан өтүү үчүн кезек күтүп турат", — деп айтылат билдирүүдө.
Чек ара кызматынан билдиришкендей, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун сүйлөшүүлөрүнөн кийин жогоруда аталган өткөрүү пунктуларында турган жүк ташуучу унаалар бир топ азайды.
"Акыркы күндөрү казак тарап Казакстандын аймагына саатына 3-4 унааны киргизсе, учурда мамлекеттик чек арадан саатына 8-9 унаа өтүп жатат. Бул кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын санын азайтууга мүмкүнчүлүк түздү", — деп айтылат билдирүүдө.
1-апрелден 20-апрелге чейин "Ак-Тилек" өткөрүү пункту аркылуу кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан 4 миңден ашык жүк ташуучу унаа өткөнү айтылды.
Буга чейин Чек ара кызматы казак тарап машиналарды жай өткөрүп жаткандыктан чек арага жүк ташуучу транспорт топтолуп калып жатканын айткан. Ошондой эле казак тарап маал-маалы менен жолду бир тараптуу жаап салып жатканы да маалым болгон. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев казак тарап фуралар боюнча келишимди аткарбаса мамилеге кесепети тиерин белгилеген.
ӨКМ кыргыз-казак чек арасынан өтө албай тургандарга чатыр тигип, тамак берүүдө