БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Каракол шаары быйыл КМШнын маданий борбору деп расмий жарыяланган, бирок калаа аны өткөрүүгө таптакыр даяр эмес. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков парламентте билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, маданий борбордун расмий ачылышы 1-июлда болушу керек. Караколдогу жолдорду оңдоого 200 миллион сом керектелген, учурда болгону 5 миллион сом гана бөлүнүп жатат.
"Жол курган компания ишти 45 миллион сомго көбүрөөк аткарып берди, өкмөт ал карызын да төлөй элек экен. Драма театрын курууга 43 миллион сом каралган болчу, ал да бөлүнө элек. Азыр барсак чатырынан суу агып жатат. Ошонун шылтоосу менен Караколго бир филармония да уюштуруп коюш керек. Бул маданий, илим-билим борбору да, кыргыздын эң мыкты академиктери ошол жактан чыккан. Ушуга жакшы даярданалы, бул намыс иши", — деди Кадырбеков.
Депутат былтыр Душанбе шаары КМШнын маданий борбору катары өтө сонун деңгээлде өткөргөнүн белгиледи. Андан соң декабрда эстафетаны Каракол шаары алган.