Жогорку Кеңеште Калкты тейлөө борборлорун дем алышсыз иштетүү сунушталды

Жарандарга документке байланышкан иштерин эс алуу күндөрү бүтүрүп алуу ыңгайлуу.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Калкты тейлөө борборлорун дем алышсыз иштетүүнү сунуштады.
Анын айтымында, жарандар дал ушул күндөрү бошогондуктан документке байланышкан иштерин бүтүрүп ала алат.
"Калкты тейлөө борборлору элге кызмат кыла турган жай. Тез жардам кызматы, милиция кандай иштесе, алар да ошондой тартипте иштеши керек. Бирок биз аларды жаап коюп жатабыз. Майдагы эс алуу күндөрү жабык болот экен. Калкты тейлөө борборлору ар дайым иштеп турушу керек. Эл дал ушул убакта жумуштарын бүтүрүп алсын", — деди Маматалиев.
Депутат жок дегенде ар бир Калкы тейлөө борборунда эки-үч нөөмөтчү турушу керектигин белгиледи.
Нарын, Талас, Ысык-Көлдө калк тейлеген мобилдик борборлор иштөөдө. Графиги