Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Германиялык экономист: инфляция еврону жок кылып жибериши мүмкүн

Европа күйүүчү майдын кымбатташына жана андан келип чыккан азык-түлүк инфляциясына туш болуп, Евробиримдиктин айрым тургундарынын нааразычылыгын жаратууда.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Евро барган сайын туруксуз валютага айланууда. Бул тууралуу Германиянын Deutsche Bank банкынын башкы экономисти Томас Майердин жергиликтүү ЖМКга берген маегине таянып РИА Новости жазды.
Адистин пикиринде, алдыда Евробиримдикти еврону жок кыла турган узак мөөнөттүү инфляция күтүп турат. Ошол эле учурда Европанын Борбордук банкы банкнотаны басып чыгаруусун улантууда.
"Балким Евробиримдик өзү абалга таасир эткиси келбей жаткандыр же жөн гана алы жетпей жатышы дагы мүмкүн. Инфляция экономикалык гана эмес, саясий жана социалдык кесепеттерге алып келиши ыктымал. Буга өткөн кылымдын 20-жылдарынын башында Германияда болгон гиперинфляция мисал. Анда улуттук-социалисттер бийликке келген. Кырдаал өзгөрбөсө европалыктар евронун ордуна башка валюта издей башташат. Анын арты менен көп нерсе өзгөрөт", — деди Майер.
Мурдараак CNBC телеканалы Россиянын энергетика ресурстарынан кол жууп калса COVID-19 пандемиясынан кийин өзүнө келе элек Европанын экономикасы катуу жабыр тарта турганын билдирген.
24-февралда Россия Украинада атайын операциясын баштаган. Буга жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага каршы ири санкцияларды жарыялап, бул биринчи кезекте банк секторуна таасирин тийгизген. Ошол эле маалда Европа күйүүчү майдын кымбатташына жана андан келип чыккан азык-түлүк инфляциясына туш болуп, Евробиримдиктин айрым өлкөлөрүнүн тургундары нааразы болгон.
Кыргызстандагы долларга киргизилген чектөөлөр. Банктардагы соңку абал