Машина талкаланып калган. Чүйдөгү жол кырсыктан эки адам каза тапты

Куткаруучулар маркумдардын сөөгүн автоунаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Чүйдөгү айланма жолдо эки машина кагышып, анын кесепетинен эки адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Чүйдөгү айланма жолдо эки машина кагышып, анын кесепетинен эки адам каза тапты
Кырсык Бишкек — Нарын — Торугарт айланма жолунун 63-чакырымында болгон.

"Toyota Avensis жана Subaru Outback үлгүсүндөгү автоунаалар кагышып, 69 жаштагы эркек киши жана 65 жаштагы аял каза тапты. Дагы эки адам жаракат алган", — деди ӨКМден.

Куткаруучулар маркумдардын сөөгүн автоунаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.