Пресс-борбор

Салыктын бир топ түрүнөн кутуласыңар! Бийлик Баткенге инвесторлорду чакырууда

Баткенде желим түтүктөрдү, цемент өндүрүү, айнек чыгаруу, тамеки жана жүн ишетүү, кургак сүт чыгаруу, этти кайра иштетүү тармактарында ишкерлик кылса болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Баткен облусуна ички жана чет элдик инвесторлорду чакырып, бул аймакта кандай тармактарга каражат салса болорун тизмектеп берди.
Адис бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Баткен облусунда инвесторлор жана тургундар үчүн жеңилдиктер" брифингинде айтты.
Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов
"Баткенде желим түтүктөрдү, цемент өндүрүү, айнек чыгаруу, тамеки жана жүн ишетүү, кургак сүт чыгаруу, этти кайра иштетүү тармактарында ишкерлик кылса болот. Бул жерде бизнес кылууга абдан жакшы шарттар түзүлүүдө", — деди министрдин орун басары.
Андан соң ал салык жаатында кандай жеңилдиктер бар экенин санап берди. Баса, жеңилдиктер чек ара аймагында жайгашкан Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондоруна тешелүү:
салык төлөөчүлөрдүн кызматкерлер үчүн киреше салыгынын ставкасы 5 пайызга чейин төмөндөтүлдү (мурда 10 пайыз болчу);
киреше салыгы алынбайт;
сатуудан алынуучу салык төлөнбөйт;
жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча 2 жана 3-топтогу мүлккө салык төлөнбөйт;
жер салыгы төлөбөйт.
Сейитовдун айтымында, Баткенге интестиция тартуунун негизги максаты — жергиликтүү элди, өзгөчө жаштарды туулуп-өскөн жеринде кармап калуу жана чет өлкөлөргө кеткен мигранттарды кайтаруу.
Эске салсак, былтыр Баткен облусуна өзгөчө макам берилген. Мыйзам долбоору президенттин тапшырмасы менен облусту социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү зарылдыгынан улам иштелип чыккан. Анын алкагында салык жеңилдиктери каралган.
CASA-1000: Кыргызстанда кубаттуулугу 500 кВт электр чубалгысы тартылып жатат. Сүрөт