БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатынын финалында казакстандык атаандашы Мадина Бакбергеновага утулуп, күмүш байгеге ээ болду.
Мелдеш Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүүдө. Спортчулар 68 килограмм салмакта килемге чыгышты.
Бул категорияда ат салышкандар айлампа системасы менен күрөштү. Мындайча айтканда, Жуманазарова биринчи турда 5:0 менен жеңген Бакбергенова менен кайра финалда кезикти. Кыргызстандык спортчу атаандаштарын жеңген сайын алгачкы каршылашына кийинки баскычтарга өтүүгө мүмкүнчүлүк болду. Өз кезегинде казак кызы да атаандаштарын утуп жатты.
Финалдык кармаштын биринчи бөлүгүндө Мээрим алдыда келе жаткан, андан кийин казакстандык балбан чабуулга өтүп, жыйынтыгында жеңиш 2:3 упай эсебинде атаандашка буюрду.
Быйыл чоңдор арасындагы Азия чемпионатына Мээрим Жуманазаровадан тышкары Айпери Медет кызы менен Айсулуу Тыныбекова барган. Эртең килемге Тыныбекова чыгат.