Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү: шектүү аял камакта калтырылды

Бүгүн Ош шаардык соту шектүүнүн баш коргоо чарасын тандады. Анын жактоочусу жаш балдары бар деп үй камагына чыгарууну суранган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектелип кармалган блогер аял бир айга камакта калтырылды. Бул тууралуу сотко катышкан аймактык кабарчы билдирди.
Эске салсак, 33 жаштагы блогер Б.Ж. журналисттин өлүмү боюнча дагы эки кылмыш иши боюнча суралууда. Марттын башында Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси ("Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү") боюнча кылмыш иши козголгон. Андан кийин ага 190-берене ("Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу") менен 280-берене ("Бейбаштык") кошулган.
Бүгүн Ош шаардык соту анын баш коргоо чарасын карады. Шектүүнү жактаган Назгүл Сүйүнбаева сотто анын эки жаш баласы жана карыган атасы бар экенин айтып, үй камагына чыгарууну өтүнгөн.
Сот тергөө аяктаганча, 26-майга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Блогер Жалал-Абад шаарындагы №53 тергөө абагында кармалат.
Эске салсак, 37 жаштагы журналист Арзыгүл Галымбетова 26-мартка караган түнү жүрөгү кармап каза болгону айтылган. Андан кийин 25-март күнү журналист Баткен облустук милициясына келип "Батма-бат" Youtube каналында иштеген блогер кыз аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат деген таризде арыз жазганы белгилүү болгон. Милиция ошол эле күнү арыздануучунун ден соолугу начарлап ооруканага кайрылып, дарыгерлердин жардамына карабай каза болуп калганын билдирген.
Ошто өзгөчө оор кылмыш жасаган делип 35 жаштагы киши изделүүдө. Сүрөт