БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалында япониялык Юка Кагамини жеңип, чемпион болду. Кармаш UWW сайтынан түз эфирден көрсөтүлдү.
Мелдеш Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүүдө. Спортчулар 76 килограмм салмакта күрөштү.
Айпери Медет кызынын салмагындагы (76) кыздар айлампа системасы менен күрөштү. Мындайча айтканда, Медет кызы биринчи турда 7:3 упайында жеңген Кагами менен кайра финалда кезикти. Кыргызстандык спортчу атаандаштарын жеңген сайын алгачкы каршылашына кийинки баскычтарга өтүүгө мүмкүнчүлүк болду. Өз кезегинде япониялык балбан да атаандаштарын утуп жатты.
Финалдык кармаштын алгачкы мүнөттөрүндө Медет кызы атаандашына мүмкүнчүлүк берген жок, андан кийин беттеш бирдей темпте жүрдү. Натыйжада Айпери 5:3 упай эсебинде жеңүүчү болду.
Быйыл чоңдор арасындагы Азия чемпионатына Айпери Медет кызынан тышкары Мээрим Жуманазарова менен Айсулуу Тыныбекова барган. Мээрим күмүш медаль алды, ал эми Тыныбекова килемге эртең чыгат.