Доллар өстү, бензиндин баасы кандай? 21-апрелдин маалыматы

Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Өткөн суткада доллар менен евронун курсу өстү, күйүүчү май менен алтын куймалардын наркы өзгөргөн жок.
Кечээки күндөгү бул сааттарга салыштырмалуу долларды сатып алуу 24 тыйынга, сатуу 21 тыйынга өстү.
Евронун сатып алган жана кайра саткан курсу 27 тыйынга жогорулаган. Рубль менен теңге көп жогорулаган жок.
Күйүүчү май, бензинге болгон баа өзгөрүүсүз калды.
Ал эми алтын куймалары (элге сатуу) мурдагы баасында турат, бирок 100 граммдык куйма 6 миң сомго өсүп кетти.
Кыргызстанда күйүүчү май арзандады. Бийлик себебин түшүндүрдү