Ажылык сапар 4,5 миң доллар деп белгиленди. Баа өзгөрүшү мүмкүн

Ажылыктын наркы пандемияны эске алып бекитилген. Баа так аныкталгандан кийин ажылыкка барчулар айырма акчаны кайтарып алат же үстүнө кошушу керек болот.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Быйылкы ажылык сапардын болжолдуу наркы 4,5 миң долларды түздү, көрсөтүлгөн баа өзгөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады.
"Дүйнөдөгү пандемиялык абалга байланыштуу Сауд Аравиясындагы ажылык кызмат көрсөтүүлөрдүн кымбаттап кетиши мүмкүндүгү эске алынды. 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штаб чукул жыйын өткөрүп, болжолдуу калькуляцияны 4 500 доллар деп бекитти. Көрсөтүлгөн баа авиакомпания тандалып, ажылыкка тиешелүү бардык келишимдер түзүлүп, кызмат көрсөтүүлөрдүн так баасы аныкталгандан кийин жогорулашы же төмөндөшү мүмкүн", — деп жазылган маалыматта.
Баа так аныкталгандан кийин калькулацияда көрсөтүлгөн 4,5 миң доллар төмөндөп кетсе, ажылыкка барам дегендер айырма болгон акчаны кайтарып алат. Эгерде баа көтөрүлсө, кошумча төлөм бериши мүмкүн.
Ажылык үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу 25-апрелден 30-апрелге чейин РСК банкында жүргүзүлөт.
Муфтият Сауд Аравия квотаны чет өлкөлүктөргө пандемияга байланыштуу чукул бөлгөндүктөн, чыгымдарга тиешелүү бардык келишимдерди түзүүгө 15-майга чейин убакыт берилгенин кошумчалады.
Эске салсак, Сауд Аравия Падышалыгынын (САП) Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2 766 квота бөлгөн.
Быйыл айт намазы Эски аянтта окулат. Мэрия тегерек-четин оңдоп жатат