Бекешев: 16 гектар жерге бийик имараттар курулса Бишкек дем ала албай калат

Эл өкүлү кышында калааны ыш чулгабасын десек парктарды көбүрөөк курууну сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Жаңы Ак үйдү курууга алмаштырылган 16 гектар жерге көп кабаттуу үйлөр курулса бишкектиктер дем ала албай калат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламентте билдирди.
Ал президент өзү 2021-жылдын 19-мартында "Экологиялык коопсуздукту камсыздоо жөнүндө" жарлык чыгарганын, анда бийик имараттарды куруу-долбоорлоо талаптарын, ченемдерин кайра карап чыгуу камтылганын эске салды.
"Президенттик администрация ошол жарлык күчүндө экенин унутпашы керек. Жаңы Ак үй салууга калаанын түштүк тарабындагы 16 гектар жерди алмаштырып жатат. Ал жерге жаңы үйлөр курула турган болсо, кышында эмне болорун элестетип көрүңүздөр. Бишкекти канчалык ыш чулгайт, дем ала албай калабыз. Бишкектиктердин баары өпкөсү жок жүрүшү керекпи? Ансыз деле бизде онклогиялык, аллергиялык оорулар жана астма менен жабыркагандар көп. 16 гектар жерге бийик имараттарды куруп салса Бишкекте такыр эле аба аз болуп калат", — деди Бекешев.
Ошондой эле ал жыл сайын кышында депутаттар Бишкектин экологиясы тууралуу көйгөйлөрдү көтөрүп, бир бир нече токтом кабыл алышканын белгиледи.
Мындан улам депутат шаарга парктарды көбүрөөк курууну сунуштады.
Эске салсак, президенттик администрациянын жаңы имараты мурдагы "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна курулат. Президент Садыр Жапаров анын курулушуна 15-апрель күнү капсула салган. Ошондой эле ал курулушка мамлекеттик бюджеттен акча кетпей турганын, анын ордуна курулуш компаниясына 16 гектар жер берилерин айткан.
Жаңы "Ак үйдү" кайсы компания курары айтылды