Азамат! Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатын утту

Ушуну менен Кыргызстандын капчыгына Азия чемпионатынан үчүнчү алтын келди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Жоламан Шаршенбеков Монголияда болуп жаткан чоңдор арасындагы Азия чемпионатынын финалында каршылашын жеңип, алтын медаль алды.
Спортчу ирандык Мехди Сейфола Мохсен Неджад менен кармашып, 4:0 упай эсебинде жеңишти камсыздады.
Кыргыз балбаны чейрек финалда монголиялык Балжинням Цевеенравданды 8:0 упай эсебинде, ал эми жарым финалда Казакстандан барган Ернар Фидахметовду 6:1 упай менен жеңген.
Шаршенбеков килемде 60 килограмм салмактагылар арасында кармашат.
Эске салсак, кечээ Азия чемпионатынын алгачкы күнүндө Жоламандын бир тууган агасы Тынар Шаршенбеков (63 кг) менен Акжол Махмудов (77 кг) алтын медаль тагынган. Ошондой эле Роман Ким (130) коло алган.
Улан-Батор шаарында болуп жаткан Азия чемпионаты 24-апрелде бүтөт. Алгач грек-рим күрөшүнүн балбандары кармашты, андан кийин эркин күрөштөн кыз-келиндер күрөшү башталат.
Акжол Махмудов Азия чемпионатынан алтын тагынды. Видео