Акылбек Жапаров эки министр менен АКШга кетти. Иш сапардын максаты

Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынына катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров АКШнын борбору Вашингтондо иш сапары менен жүргөнүн өкмөттөн кабарлады.
Аны менен бирге финансы министри Алмаз Бакетаев жана юстиция министри Аяз Баетов учуп кетишти.
Жапаров Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынына катышат. Ошондой эле Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын кызматташтыгынын 30 жылдыгынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрөт.
Бул жолугушууларда экономиканы жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергетика тармагына инвестиция тартуу маселелери талкууланат. Ошондой эле Кыргызстанда кичи ГЭСтерди, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу тууралуу сөз болот.
Жапаров Азербайжандын улуттук лидеринин мүрзөсүнө гүлчамбар койду. Сүрөт