Радио

Сейдалиева: театрда изденген, ар тараптуу жаштардын мууну түптөлдү

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти, КР эл артисти Калича Сейдалиева азыркы театрдын жаш актёрлору кинодо, педагогика, хореография, музыкада өзүн мыкты көрсөтүп жаткандыгын айтты.
Sputnik
Театрда изденген, ар тараптуу жаштардын мууну түптөлдү. Мурда актёрлор бир багытта гана сахнада талантын тартуулап келишкен. Бул тууралуу Калича Сейдалиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, салттуу театрдын ордун сактап, аны өнүктүрүүгө жаш артисттердин аракети күч.
"Театрда изденген, ар тараптуу жаштардын мууну түптөлдү. Биз муну менен сыймыктансак болот. Анткени азыркы жаштар өзүн кесиптик жактан өнүктүрүүгө далалат кылып жатышат. Алардын кинодо, педагогикада, хореографияда, музыкада ийгилик жаратып жаткандыгын көрүүгө болот. Мурда артисттер бир багытта гана талантын тартуулап келишкен. Театрдын келечегин азыркы жаштардын умтулуусунан байкап жатабыз. Салттуу театрдын ордун сактап, аны өнүктүрүүгө жаш артисттердин аракети күч", — деди Сейдалиева.
Ошондой эле адис учурда театрдагы режиссёрлук, драматургия жагы аксап, жаңы чыгармалар көп жаралбай калганын кошумчалады.