БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Сауд Аравия падышалыгынын (САП) Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2 766 квота бөлдү. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Ажылыкты уюштуруу боюнча Сауд Аравия чукул маалымат тараткандыктан убакыттын тар экендигин эскертүү менен 2019-2020-жылдары ажылык сапарга баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлерге 25-апрелден тарта каражатты төгүү башталарын кабарлайбыз. Ажылык сапардын төлөмдөрү беш күн ичинде жүргүзүлүүсү шарт", — деп айтылган маалыматта.
Муфтият ажылык сапарга барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлердин тизмесин шилтемеси аркылуу жана катталган аймагындагы операторлор аркылуу билүүгө болорун билдирди.
САПтын Ажылык жана умра министрлигинин чет элдик ажыларга койгон талаптары:
Ажыга баруучунун жашы 65 жашка чейин болушу шарт;
COVID-19 илдетине каршы вакцина зарыл;
САПтын аймагына киргенге чейинки 72 сааттын аралыгында COVID-19га каршы тапшырылган тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган күбөлүк керек.
Эске салсак, 2020-2021-жылдары пандемиядан улам Меккеге сапар болгон эмес.
Төмөндө Кыргызстандын акыркы жылдардагы квоталары: