Садыр Жапаровдун Азербайжанга сапарынан 14 сүрөт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров расмий сапары менен Баку шаарында (Азербайжан) жүрөт. Мамлекет башчынын жолугушууларындагы кадрларды Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр.
Sputnik
1 / 14

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров расмий сапары менен Бакуга келди. Сүрөттө президент жана биринчи айым Айгүл Жапарова учактан түшүп келатат.

2 / 14

Жапаров эки күндүк иш сапарынын алкагында Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Милли Межлистин төрагасы Сагиба Гафарова менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жергиликтүү бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту

3 / 14

Делегациянын курамына тышкы иштер министри, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, Азербайжандагы элчи, айыл чарба министри, санариптик өнүктүрүү министри, транспорт жана коммуникациялар министри, экономика министри кирди

4 / 14

Садыр Жапаров Бакудагы Ардактуу аллеяга барып, улуттук лидер Гейдар Алиевдин мүрзөсүнө гүлчамбар койду

5 / 14

Президент саясий, экономикалык, маданий жана башка тармактарда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады

6 / 14

Садыр Жапаров менен Илхам Алиев Загулбадагы президенттик сарайда

7 / 14

Резиденциянын алдындагы аянтта Кыргызстандын жана Азербайжандын желектери илинип турду

8 / 14

Өз ара саламдашуудан кийин мамлекет башчылары Ардак кароолду айланып өтүштү

9 / 14

Эки өлкөнүн гимндери жаңырган соң Жапаров жана Алиев өз делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды

10 / 14

Жолугушуунун соңунда президенттер бетме-бет отуруп сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

11 / 14

Кыргызстан менен Азербайжандын башчылары сүйлөшүүлөр учурунда

12 / 14

Эки өлкөнүн делегациялары “Загулба” президенттик сарайында

13 / 14

Жыйындын жыйынтыгында Кыргызстан менен Азербайжандын Мамлекеттер аралык кеңешин түзүү боюнча меморандумга кол коюлду

14 / 14

Садыр Жапаров менен Илхам Алиев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин журналисттерге кайрылуу жасашты

Тема боюнча:
Жаңы деңгээлге чыктык. Жапаров Баку сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат берди
Тоңдогу зыпылдаган жебе, Кытайдагы түркүн-түстүү балыктар. Апта ирмеми
Көпүрө куруп, темир жол салган кыргыздар. Өндүрүш жанданган тарыхый ирмемдер