Россия биринчи жолу континенттер аралык “Сармат” ракетасын учурду

Владимир Путин “Сарматты” жаратууда россиялык технологиялар колдонулганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлиги “Сармат” континенттер аралык баллистикалык ракетасы “Плесецк” космодромунда ийгиликтүү учурулганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Тапшырмалар толугу менен аткарылды. Конструкциялык мүнөздөмөлөр учуунун бардык этаптарында тастыкталды. Машыгуучу дүрмөттөр Камчатка жарым аралындагы “Кура” полигонуна берилген аймакка жетти", — деп билдирди ведомство.
Коргоо министрлиги бул мамлекеттик тестирлөө программасындагы биринчи учуруу экенин айтты.
Күтүлгөндөй эле сыноолордон кийин "Сармат" стратегиялык ракеталык күчтөрдүн курамында ишке кирет. Бул комплекстер Красноярскинин жанындагы Ужур ракеталык түзүмүндөгү башкы полкту жабдыйт.
Россиянын президенти Владимир Путин армияны дүйнөдө теңдеши жок “Сарматтын” ийгиликтүү сыноосу менен куттуктады.
“Сармат” ракеталык системасы Россиянын коопсуздугун камсыздайт, аны коркутуп-үркүтүүгө аракет кылып жаткан кутургандарды ойлондурат, — деди ал.
Путин “Сарматты” жаратууда россиялык технологиялар колдонулганын белгиледи.
Индиялык генерал: Россиянын куралы Батыштыкынан алда канча сапаттуу