Ошто өзгөчө оор кылмыш жасаган делип 35 жаштагы киши изделүүдө. Сүрөт

Милиция шектүүнү табышып коюуну өтүнүп, сырткы келбетин жана кылмыш жасаган учурдагы кийимдерин сүрөттөп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Ош шаарында өзгөчө оор кылмыш жасаганга шектелген 35 жаштагы Маданов Төлөгөн Урубаевич аттуу жаран изделип жатат. Бул тууралуу Ош ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Маданов Төлөгөн Урубаевич
Шектүү Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында төрөлгөн.
Бою 170-175 сантиметр, өңү кара тору, бети толмоч, чачы кыска алынган. Кылмыш жасаган учурда көк түстөгү кепка жана шым, кара өңдөгү кышкы куртка кийип жүргөн. Өзгөчө белгиси — сол кашынын үстүндө бармак басымдай калы бар.
Милиция шектүү тууралуу кандайдыр бир маалыматы барлар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнө 0501-15-07-07, 0554-65-65-65 жана 0777-45-96-78 номерлери аркылуу байланышса болорун билдирди.
Бишкекте 18 жаштагы кыз 39дагы кишини сабап салган. Экөө тең мас экени айтылды