Министр Ниязбеков Түркия вице-президенти менен ФЕТӨ боюнча маселени талкуулады

ИИМден министр Түркия бийлигинин өкүлдөрү менен кандай маселелерди талкуулагандыгын айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Түркиянын вице-президенти Фуат Октай ФЕТӨ уюмунун тарапташтарынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн алдын алууга байланышкан маселелерди талкуулады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлады.
ФЕТӨ Түркияда террордук уюм катары таанылган.
"Жолугушуу учурунда Түркияда террордук уюм катары таанылган FETÖ уюмунун тарапташтарынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн алдын алууга байланышкан маселелер, эки өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу демилгесин мындан ары дагы ишке ашыруу талкууга алынды", — деп айтылган маалыматта.
Тараптар 2021-жылы Бишкекте болгон Түркия-Кыргызстан бирдиктүү экономикалык комиссиясынын 10-отурумунун жыйынтыгы боюнча өз пикирлери менен бөлүшкөн. Андан сырткары быйыл эки өлкөнүн президенттеринин төрагалыгы алдында өтө турган Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин отурумуна даярдануунун жүрүшүнө да токтолгон.
Орхан Инанды Түркияда камакка алынды. Ага кандай айып тагылган?