Кыргызстанда 40тан ашык мамлекеттик лаборатория санариптик форматка өттү

Жарандар лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын онлайн ала алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги 43 мамлекеттик лаборатория санариптик форматка өткөнүн билдирди.
Жарандар ILab порталы аркылуу өздөрүнүн лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын онлайн ала алышат. Бул кыйыр финансылык ресурстарды жана кызмат алуучулардын убактысын үнөмдөйт.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгын алуу үчүн https://ilab.med.kg/ шилтемеси аркылуу өтүп, андан соң "Анализдердин натыйжасы" дегенди тандап, PIN, паспорттун сериясы менен номерин толтурасыз. Андан кийин лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгын QR код менен корголгон pdf форматында жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Ошондой эле лабораториялык маалыматтык системаны "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы менен интеграциялоо боюнча иштер жүрүп жатканы белгиленди. Ал үчүн кызмат алуучулар Калкты тейлөө борборлорунан электрондук санарип кол тамганы алышы шарт.
Санариптик форматка өткөн лабораториялардын тизмеси Саламаттык сактоо министрлигинин сайтына жарыяланды.
Чүйдүн үч районунда COVID-19ду аныктоочу лабораториялар ачылды. Сүрөт