Кыргызстандыктар улуттук курама команданын формасын тандай алат. Сүрөт

Конкурс 30-апрелде соңуна чыгат. Экипировканын жети түрү сунушталды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Спорт департаменти кыргызстандыктарга алдыдагы эл аралык турнирлерде улуттук курама команда кие турган спорттук-параддык экипировкалардын дизайнын тандоону сунуштап жатат.
"Кыргызстандын спорттук курама командалары Азия оюндары, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу эл аралык турнирлерде кие турган спорттук-параддык экипировканын дизайнын тандаңыздар", — деп айтылат маалыматта.
№1 катышуучу — Mantis;
№2 — "Адеми Арт" (Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийиле турган параддык форма);
№3 — Baıra;
№4 — Baıra;
№5 — Joma;
№6 — Асема Кубанычбекова;
№7 — Султангазиева Эльвира.
Ведомствонун соцтармактары аркылуу добуш берүүгө болот. Сынак 30-апрелде соңуна чыгат.
Азамат! Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатын утту