Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 150 млн. доллар бөлөт. Келишимге кол коюлду

Келишимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда кол коюлду.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 150 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу уюмдун КРдеги өкүлчүлүгү билдирди.
АКШда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда жаңы финансылык келишимге кол коюлду.
50 миллион доллар Баткен облусун өнүктүрүү боюнча долбоорго бөлүнгөнү жатат. Буга чейин каражаттын жарымы грант түрүндө, калганы жылдык үстөгү 0,75 пайыз менен 38 жылга берилери айтылган (төлөө мөөнөтүн алты жылга жылдыруу менен).
Суу чарба кызматтары менен климаттын өзгөрүшү үчүн бөлүнө турган 100 миллион доллар кандай шарт менен берилип жатканы азырынча белгисиз. Сумманын 50 миллиону грант экени гана маалым.
Акылбек Жапаров учурда жумушчу сапары менен АКШда жүрөт.
Ардак кароол, тизилген аткаминерлер. Жапаров менен Алиевдин жолуккан сүрөттөрү