Кыргызстанда күйүүчү май арзандады. Бийлик себебин түшүндүрдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бензиндин баасын жөнгө салуу иштери уланарын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстанда күйүүчү май арзандады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 0,7 сомго (62,5 сомдон 63,2 сомго чейин сатылууда), дизель майыныкы 1,1 сомго (62,9 сомдон 63,5 сомго чейин) баасын түшүрдү.
"Республиканын ички рыногунда күйүүчү-майлоочу майлардын баасын турукташтыруу иштери улантылмакчы. Ошондой эле суюлтулган көмүртек газынын баасы учурда 33,9-34 сом болуп жатканын айта кетели", — деп жазылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, өлкөдө күйүүчү майдын жетиштүү запасы бар экени кошумчаланды.
Кыргызстанда доллардын курсу боюнча жаралган түшүнүксүз жагдайга пикир