Кыргызстан-Азербайжан мамлекеттер аралык кеңеши түзүлмөкчү. Жапаровдун сапары

Документ өз ара пайдалуу кызматташтыктын саясий, экономикалык, гуманитардык жана башка жааттардагы эки тараптуу өз ара кызматташуусун чыңдоо максатына түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бакуга болгон расмий сапардын алкагында Кыргызстан жана Азербайжандын президенттери Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев Мамлекеттер аралык кеңешин түзүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Кызматташтык документи 1997-жылдын 23-апрелиндеги Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди, 2012-жылдын 30-мартындагы Кыргызстан, Азербайжан президенттеринин биргелешкен билдирүүсүн жетекчиликке алып түзүлгөнүн билдиришти.
Меморандум артыкчылыктуу маселелерди натыйжалуу чечүү, эки тараптуу өнөктөштүк мамилелерди сапаттуу жаңы деңгээлге чыгаруу максатында кыргыз-азербайжан кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүнү, кеңейтүүнү кубаттап, өз ара пайдалуу кызматташтыктын саясий, экономикалык, гуманитардык жана башка жааттардагы эки тараптуу өз ара кызматташуусун чыңдоо максатында түзүлгөн.
Төмөнкүдөй макулдашуу болду:
мамлекет башчыларынын деңгээлинде Кыргызстан-Азербайжан мамлекеттер аралык кеңешин түзүү;
ушул Меморандумга тиркелген Кыргызстан жана Азербайжандын мамлекеттер аралык кеңеши жөнүндө жобону бекитүү.
Жапаровдун Азербайжанга болгон расмий сапары бүгүн соңуна чыгат.
Ардак кароол, тизилген аткаминерлер. Жапаров менен Алиевдин жолуккан сүрөттөрү