Радио

Самаганов: кыргыз, тажик бийлиги бир өтө маанилүү маселеге көңүл бурбай жатат

"Аппликата" стратегиялык чечимдер борборунун проект-менеджери Нурбол Самаганов Кыргызстан менен Тажикстандын бийлиги эки өлкөнүн чек ара чырынан улам олуттуу бир көйгөй жаралышы ыктымалдуулугуна маани бербей жаткандыгын айтты.
Sputnik
Кыргыз, тажик калкы кылымдардан бери достук мамиледе жашап келген. Чек ара чыры ушул ынак мамилеге билинбей эле тескери таасирин тийгизип жатат. Мындай пикири менен Нурбол Самаганов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып бөлүштү.
Анын айтымында, дипломат жана саясатчылардын пикир келишпестиги создугуп кетсе, эки элдин мамилесин калыбына келтирүү кыйынга турушу мүмкүн.
"Кыргыз калкы менен тажик эли илгертеден достук, коңшулук мамиледе болуп, куда-сөөк күтүп, туугандашып калган журт. Ал эми бул маселени ошол чек арада жашап жаткан калктын деңгээлинде ала турган болсок, эки эсе чиеленишкен абалда. Географиялык жактан бөлүп, анклав деп атап же дагы башка тоскоолдуктар жаралганы менен ал жактын эли бири-бирине тууган бойдон калат. Бул көрүнүштү эки элдин тарыхынын кайсы доорун албайлы, көрө алабыз. Ошол эле "Манас" эпосунда деле кыргыздын ханы өзү тажик кызына үйлөнүп отурат. Мындай чечимдер жөн гана үй-бүлөлүк деңгээлде эмес, саясий, стратегиялык маанилүү чечимдер болгон. Анын арты менен эки элдин достугу бекемделип, бири-бирине сый-урматы арткан. Бул табигый процесстер жылдар бою жүрүп отурган. Мына ушул кылымдардан бери келе жаткан эки элдин жылуу мамилесин азыркы жагдайдагы жаралып жаткан чек ара чыры солгундатып коюшу толук ыктымал. Эки тараптын бийлиги азыр ушул маселеге анчейин көңүл бурбай жатышат", — деди Самаганов.
Ал улуттар ортосундагы сууган мамилени калыбына келтирүүгө соңунда абдан чоң идеологиялык күч, ресурс жана убакыт талап кылынарын кошумчалады.