БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан эки өлкөнүн чек ара бекеттеринен жүк ташуучу автоунаалардын эркин кыймылын камсыздоо үчүн чара көрүүнү макулдашты. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Бүгүн, 20-апрелде, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын премьер-министринин орун басары — соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен видеоконференция аркылуу байланышты. Алар кыргыз-казак чек арасына топтолгон фуралардын маселесин талкуулаган.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында төмөнкү маселелер макулдашылды:
Кыргызстандын Салык кызматы жүк ташуучу унаалардын ташылып бараткан товар үчүн электрондук эсеп-фактура албастан КР аймагынан чыгып кетүүсүнө жол бербөөгө милдеттүү;
Казакстандын Мамлекеттик киреше комитети жүк үчүн электрондук эсеп-фактурасы бар транспортторго (Казакстан аркылуу ЕАЭБ мамлекеттерине бараткан транспортторду) текшерүү иштерин жүргүзбөшү керек;
Эгер электрондук эсеп-фактурасы бар, бирок транспорттун ичинен документте көрсөтүлгөндөн башка товар чыга турган болсо Казакстандын Мамлекеттик киреше комитети транспорт каражатын артка кайтаруу боюнча чара көрөт;
Электрондук эсеп-фактурасы бар транспорттогу жүктүн түрү чиркегичти ачпастан инспекциялык-көзөмөл комплексинин жардамы менен аныкталат;
Жүк ташуучу транспорт артка кайтарылган учурда эки тарап тең WhatsApp тиркемеси аркылуу анын себебин түшүндүрүп билдирүү жөнөтүшү керек. Билдирүүгө электрондук эсеп-фактура, транспорттун номерин тиркөө зарыл. Топтун курамына Кыргызстандын Салык кызматы менен Казакстандын Мамлекеттик киреше комитетинин өкүлдөрү кирет.
Мындан тышкары, тараптар Кыргызстандын навигациялык пломбаларын Казакстанда колдонуу боюнча маселени бир жуманын ичинде иштеп чыгууну жана Кыргызстан менен Казакстанга Кытайдан импорттолгон товарга анализ жүргүзүү макулдашылды.
"Тараптар ошондой эле кыргыз-казак чек арасында топтолуп калган фуралардын маселесин чечүү үчүн эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын ишин күчөтүүнү сүйлөштү", — деп айтылат маалыматта.
Көрсөтүлгөн чаралардын бардыгы жыйынтыктоочу протоколго киргизилип, Арзыбек Кожошев менен Бахыт Султанов кол койду.