БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Одессаны бошотуу атайын операциянын кийинки этабы болушу керек. Бул тууралуу Россиянын Аскердик аба-десант күчтөрүнүн мурдагы башкы командачысы, генерал-полковник Владимир Шамановдун айтканын РИА Новости жазды.
"Азыр Мариуполь сыяктуу шаарлар аскерлердин колун кармап турат. Днепр, Изюм, Николаевого окшогон аймактарды жайгарып алсак, иш бир топ жеңилдейт. Андан соң гана кезек азыр "аппендицит" сыяктуу болуп турган Одессага жетет", — деди Шаманов.
Анын айтымында, операциянын биринчи этабынын максаттары ишке ашты. Россиялык аскерлер Украинанын абадан коргонуу күчтөрүн басып, аскердик инфраструктурасына олуттуу зыян келтирип, өлкөнү борборлоштурулган мамлекеттик жана аскердик башкаруудан ажыратты.
"Россия аскерлеринин алдыга жылышы операциянын өзгөчөлүгүнө байланыштуу оор болду. Алар карапайым калктын өлүмүнө жол бербөөгө аракет кылып, Мариуполь жана Волноваханын жанында ылдамдыгын азайтышты", — деди ал.
Генерал административдик борборлордо көзөмөлдү орнотуу жана карапайым жарандардын өзүн-өзү башкаруусун колдоо зарыл экенин кошумчалады.
"Украинанын аскердик потенциалы СССРдин тушунда кампалар, аэродромдор, советтик армиянын базалары жайгашкан Киев, Чернигов жана Львов аймактарында күчтүүрөөк. Азыркы абал шахмат оюнундай эле. Бир фигураны алдыңбы, демек, оюнду аягына чыгарыш керек. Антпесе, бул көйгөйдү келечекте урпактарыбыз чечиши керек болуп калат", — деди адис.
Россиянын аскердик ведомстволорунан билдиришкендей, атайын операциянын биринчи этабынын негизги максаттарына Россия аскерлери 25-мартта эле жеткен. Маалыматка караганда, бул этаптагы негизги максат Донбассты бошотуу болчу.