БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков чет өлкөдө иштеп жаткан мигранттардын балдары үчүн онлайн мектеп ачууну сунуштады.
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
"Учурда мигранттарыбыз бутка туруп, жашоо деңгээли өсүп калды. Бирок эң чоң маселе тилин, маданиятын сактоо болуп жатат. Азыр Египетте, Иорданияда, Түркияда, Россияда болсун, жергиликтүү мектептерге кире албагандар бар. Ошолорго кыргыз өкмөтү онлайн мектептерди уюштурсак жакшы болот эле. Азыр мигранттардын акчасына кызыгып жатабыз, эртең балдары кыргыз тили, маданиятын жоготуп койсо элди дүңүнөн жоготобуз", — деди Кадырбеков.
Ошондой эле ал Малайзияда мындай практика колдонулуп жатканын мисал келтирди. Мындан улам Билим берүү жана илим министрлигине ушул багытты да ойлонуштурууну тапшырды.