Эдил Байсалов Жумгал — Ак-Талаа жолунун курулушун көрдү. Сүрөт

Иш сапарынын жүрүшүндө Байсалов Соцфонддун райондук башкармалыктарынын иши менен таанышып, бир катар социалдык объектилерди кыдырары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен Жумгал районундагы Жумгал — Ак-Талаа жолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен Жумгал районундагы Жумгал — Ак-Талаа жолунун курулушу менен таанышты

2 / 2

Билдирмеге караганда, Байсалов учурда жумушчу сапары менен Нарын облусунда жүрөт

Билдирмеге караганда, Байсалов учурда жумушчу сапары менен Нарын облусунда жүрөт.
Курулуш иштери менен таанышуу учурунда жаан-чачындан улам жолду реконструкциялоо иштери токтоп калганы жана квалификациялык адистер менен жумушчулар жетишсиз болуп жатканы маалым болгон. Байсалов аталган маселени чечип, жумушчу күчтү Нарын облусунун башка райондорунан да тартуу тапшырмасын берген.
"Жолду реконструкциялоо иштерин тез арада улантуу керек. Жаралган көйгөйлөрдү чечүүдө министрлер кабинети колдон келген жардамын берет", — деген төраганын орун басары.
Иш сапарынын жүрүшүндө Байсалов Соцфонддун райондук башкармалыктарынын иши менен таанышып, бир катар социалдык объектилерди кыдырары кошумчаланды. Ошондой эле ал фермер, дыйкан жана жеке ишкерлер менен пенсия маселеси боюнча жолугушуу өткөрөрү айтылды.
Байсалов: Ботаникалык бакты Бишкек мэриясына өткөрүп берүү каралууда