Байсалов: Ботаникалык бакты Бишкек мэриясына өткөрүп берүү каралууда

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ботаникалык бак камкордукка муктаж экенин, илимий кызматкерлер бакчаны тазалоо менен алектенбеши керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Гареев атындагы Ботаникалык бактын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Гареев атындагы Ботаникалык бактын ишмердүүлүгү менен таанышты

2 / 3

Байсалов лаборатория, күнөскана, бакчаларды кыдырып, аймакты мындан ары өнүктүрүү боюнча долбоорду иштеп чыгууну тапшырган

3 / 3

Ал уникалдуу өсүмдүктөр өскөн Ботаникалык бак кейиштүү абалда турганын айтты.

Байсалов лаборатория, күнөскана, бакчаларды кыдырып, аймакты мындан ары өнүктүрүү боюнча долбоорду иштеп чыгууну тапшырган. Ал уникалдуу өсүмдүктөр өскөн Ботаникалык бак кейиштүү абалда турганын айтты.
Төраганын орун басары Горький жана Ахунбаев көчөлөрүндө жайгашкан Ботаникалык бактын аймагы шаардыктар жана борбордун меймандары үчүн табияттан ыракат алып, жаратылышка суктанган жайга айлана турганын белгиледи.
"Маселе бакчаны мындан ары өнүктүрүп, аны сактоодо турат. Ботаникалык бактын илимий ишмердүүлүгү борбордун гана эмес, бүтүндөй өлкөнү жашылдандыруу процессине салым кошуусу маанилүү. Шаардагы көчө менен аянттардагы гүлбакта өскөн жоогазындын сейрек кездешүүчү түрлөрүн отургузууга болот. Мисалга, "Жашыл чарба" муниципалдык ишканасы бул гүлдөрдү Голландиядан сатып алат. Алардын мекени Ала-Тоо болуп саналат. Албетте, калааны бир заматта жоогазын гүлдөрү менен толук камсыздай албайбыз, бирок процессти баштасак болот. Менеджерлик идея керек, бирок биринчи кезекте бакчанын аймагын тазалап, аны көрктөндүрүү зарыл. Биз адам ресурстары менен камсыздоого жардам беребиз", — деди ал.
Байсалов Ботаникалык бакты Бишкек мэриясына өткөрүп берүү каралып жатканын кошумчалаган.
"Бул суроо талаш жаратып келет. Кандай болгон күндө да Ботаникалык бактын толук кандуу илимий мекеме катары статусу сакталып калат. Бул жай камкордукка муктаж, илимий кызматкерлер бакчаны тазалоо менен алектенбеши керек. Алардын милдети башка", — деген өкмөт башчынын орун басары.
Гареев атындагы Ботаникалык бак 1938-жылы негизделген. Аянты жана өсүмдүк коллекцияларынын курамы боюнча Борбор Азиядагы эң ири ботаникалык бакчалардын бири болуп саналат.
Радио
Абджунушева: Бишкекте бак-дарак көп тигиле баштады