БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Жоламан Шаршенбеков Монголияда болуп жаткан чоңдор арасындагы Азия чемпионатынын финалына чыкты. Кармаштар түз эфирден Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында көрсөтүлдү.
Шаршенбеков килемде 60 килограмм салмактагылар арасында кармашат.
Кыргыз балбаны чейрек финалда монголиялык Балжинням Цевеенравданды 8:0 упай эсебинде, ал эми жарым финалда Казакстандан барган Ернар Фидахметовду 6:1 упай менен жеңди.
Финалда ирандык Мехди Сейфола Мохсен Неджад менен кармашат.
Эске салсак, кечээ Азия чемпионатынын алгачкы күнүндө Жоламандын бир тууган агасы Тынар Шаршенбеков (63 кг) менен Акжол Махмудов (77 кг) алтын медаль тагынган.
Улан-Батор шаарында болуп жаткан Азия чемпионаты 24-апрелде бүтөт. Алгач грек-рим күрөшүнүн балбандары кармашууда, андан кийин эркин күрөш менен кыз-келиндер күрөшү башталат.