Кыргызстандын абадан коргонуу системасы С-2, С-3, С-125 ракеталары менен камсыздалган. Алар абдан эле эскирди. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Эксперттин айтымында, аскердик машыгууларда абадан коргонуу үчүн ракеталар атылбайт.
"Дүйнөдө көптөгөн өзгөрүүлөр болуп, бир полярдуу система биполярдуу менен алмашууда. Азыркы тапта Жакынкы Чыгышта, Европада, Борбордук Азияда чагымчылык согуш, атайын операциялар жүрүүдө. Мындай жагдайда өлкөнүн куралдуу күчтөрүн жакшыртуу зарыл. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери аталган тармакты реформалоого аракет кылып келет. Буга Кыргызстан үчүн аскердик жана террордук коркунучтардын күч алуусу себеп. Бирок, тилекке каршы, өлкөнүн абадан коргонуу жааты системалык түрдө артта калган. Учурда абадан коргонуу 1950-1960-жылдары чыгып, бүгүнкү күндө эскилиги жеткен С-2, С-3, С-125 ракеталары менен камсыздалган. Көп жылдан бери ар кандай аскердик машыгуулар жүрүүдө, бирок бул ракеталар атылбайт. Ошондуктан 2002-жылдан тарта стратегиялык өнөктөш болгон Россия менен Кыргызстанга С-300 ракеталарын орнотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп келген. 2021-жылдын февралында жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөр болуп, учкучсуз учактарды жана С-300 ракеталарын алып келүү боюнча келишим түзүп, быйыл өлкөнүн түндүгүндө ар кандай окутуулар жүрүп жатат. Ошондуктан быйыл С-300 ракеталары өлкөгө алып келиниши ыктымал", — деди Медетбеков.
Ошондой эле ал өткөн жылдагы Баткендеги окуяда Кыргызстандын абадан коргонуу системасынын чабал экендиги билингенин кошумчалады.