Украинадагы атайын операция АКШнын баскынчылык аракеттерин болтурбоо үчүн жасалып жатат. Мындай пикирин Нурлан Досалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көпчүлүк атайын операцияны согуш менен алмаштырып түшүнүүдө.
"Классикалык согуш башталганда ал расмий жарыяланат. Анын себептери айтылып, анан аракетке өтүшөт. Ар бир мамлекеттин өзүнүн согуштук тактикасы бар. Мисалы, Американын же болбосо НАТОнун тактикасы боюнча, алар алгач жай тургундар жашаган аймакты бир жума, бир ай бою аралыктан ракета соккусуна алып, бомба менен аткылашат. Андан соң аскердик учуучу кемелерин, заманбап башка курал-жарактарын колдонушат. Ошол жердин коргонуучу күчтөрү, инфраструктурасы кыйрап, каршылык көрсөтө ала турган негизги күчтөр талкаланган соң гана жөө аскерлерин кое берет. Мындай тактиканы ошол эле Югославия, Ирак, Ливан, Палестина, Сирия, Ливия жана Афганистанда колдонушту. "Силердин бийлигиңердин жүргүзгөн саясаты эл аралык нормаларды бузууда" деген же дагы башка бир шылтоолорду айтып, аталган өлкөлөргө согуш ачышкан. Бул ачык эле согуш. Ал эми Россиянын Украинада жүргүзүп жаткан атайын операциясы мына ушундай НАТОнун баскынчылык аракеттерин алдын алууга багытталган. Россия аскерлери жай тургундарга тийбейт. Алар ошол жогоруда аталган мамлекеттердегидей аракеттерин Россияда жүргүзүүнү каалап, бул үчүн Украинаны өз кызыкчылыгына колдонуп жаткан баскынчылар менен күрөшөт. Алар жайгаша турган аскердик объектилерди талкалайт. Ал эми украин аскерлерине инструкция берип турган НАТО кыймылы өзүнүн баскынчылык аракетин жаап-жашыруу максатында жай тургундардын арасына кире качып, аларды калкан катары колдонуп жатат", — деди Досалиев.
Ал НАТОнун Россияга кол салуу боюнча даярдалып жаткан пландары болгонун жана Россия ушул себептен атайын операцияны баштаганын кошумчалады.