Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинада теги кыргызстандык үчүнчү жоокер курман болду

Камилов Россиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. – Sputnik. Кыргызстанда туулган Россиянын жараны Исламжон Камилов Украинадагы атайын операция учурунда курман болду. Бул тууралуу маалыматты РФтин КРдеги элчилиги тастыктады.
Ал Россиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөгөнү айтылды.
Элчилик маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
ЖМКлардагы маалыматтарга караганда, учурда анын сөөгүн КРге жеткирүү пландалууда.
Белгилей кетсек, Украинадагы атайын операция учурунда буга чейин теги кыргызстандык Эгемберди Дорбоев менен Рустам Зарифулин каза таап, сөөктөрү мекенинде жерге берилген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ Коргоо министрлиги курман болгон украиналык аскерлердин тизмесин жарыялады