Темирлан Сманбеков Ысык-Көл облустук драма театрын жетектемей болду

Ысык-Көлдүн театрын жетектеп келген Курсант Абдрахманов Нарындагы театрга көркөм жетекчи болуп барды. Сманбеков 2017-2020-жылдары Нарын театрын башкарган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. КРдин эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
КРдин эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору болуп дайындалды
Тишелүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койгон.
Министрдин башка буйругу менен Ысык-Көл облустук театрын жетектеп келген Курсант Абдрахманов Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалган.
Министрдин башка буйругу менен Ысык-Көл облустук театрын жетектеп келген Курсант Абдрахманов Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалган
Жаңы келген жетекчилерди эмгек жамаатка маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды.
Сманбеков Нарын облустук театрын 2017-2020-жылдары жетектеген. Андан кийин Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директору болуп которулган.
Учурда Нарындын театрын Жолдошбек Жанжигит уулу башкарат.
Апрелдин аягында Кыргызстанда Салттуу музыка жумалыгы өтөт. Программасы