Шаршембиге карата аба ырайы

20-апрелге караган түнү Ысык-Көл менен Нарында жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу жерлерде жолдор тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Шаршемби күнү күндүз өлкөнүн айрым райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. 20-апрелге караган түнү Ысык-Көл менен Нарында жаан-чачын болбойт. Калган облустардын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бийик тоолуу жерлерде жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөнүндө +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20…+25, Ысык-Көлдө +14...+19 жана Нарын аймагында +16...+21 градус болот.
Бул күнү Бишкек менен Ош калаасында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +19...+21, Ош шаарында +23…+25 градуска көтөрүлөт.
Жамгыр, мөндүр жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты