Жубайы менен жетелешип... Садыр Жапаровдун Баку шаарына келген видеосу

Аба майдандын флагштокторуна эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароолдун ротасы тизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Азербайжандын борбору Баку шаарына келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчынын учагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортко конду. Аба майдандын флагштокторуна эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароолдун ротасы тизилген.
Жапаровду ким тосуп алганы тууралуу жазылган эмес.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Азербайжандын борбору Баку шаарына келди

2 / 3

Өлкө башчынын учагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортко конду. Аба майдандын флагштокторуна эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароолдун ротасы тизилген

3 / 3

Расмий сапар эки күнгө созулат. Анын алкагында президент Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Милли Межлистин төрайымы Сахиба Гафарова жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат

Расмий сапар эки күнгө созулат. Анын алкагында президент Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Милли Межлистин төрайымы Сахиба Гафарова жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.
Президент Жапаров Азербайжанга аттанды. Коштоп кеткендердин тизмеси