БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Өзбекстандын төрт жаранынан контрабандалык 1,9 килограмм алтын буюмдар алынды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Сары металл менен бараткандар Оштон Бишкекке учар алдында кармалган. Шектүү катары коңшу өлкөнүн төрт жараны колго түшкөн. Алардын экөө аял. Колго жасалган шурунун салмагы 1925,22 граммды түзгөн.
"Кармалган адамдар мамлекеттик чек арага "Достук" бекети аркылуу кирип, аткезчилик жол менен алтын зер буюмдарды алып өтүшкөн", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.