БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана спектрин кеңейтүү үчүн "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы 100 пайыз акциясын мамлекеттик менчикте сактоо менен "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому болуп кайра уюштурулат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
"Тийиштүү чечимге почта байланышын, анын ичинде банктык терминалдарга окшош атайын терминалдарды пайдалануу менен жарандарга пенсияларды жана жөлөк пулдарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана спектрин кеңейтүү максаты коюлган. Ошондой эле андан ары натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн потенциалдуу стратегиялык инвесторлордон түз инвестицияларды тартууга шарттарды түзүү максатында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон", — деп айтылат маалыматта.
"Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналары белгиленген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна "Кыргыз почтасы" ишканасын акционердик коомго өзгөртүп түзүү боюнча иш-чаралардын комплексин белгиленген тартипте ишке ашыруусу тапшырылган.
Өзгөртүп түзүлгөн "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун акцияларын фондулук биржада ажыратууга тыюу салынары да белгиленген.