ӨКМ кыргыз-казак чек арасынан өтө албай тургандарга чатыр тигип, тамак берүүдө

Бүгүн саат 07:00гө карата "Ак-Тилек" постунда кезекте 268 оор жүк ташуучу унаа турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасынан өтө албай турган фуралардын айдоочулары үчүн чатырлар тигилип, тамак берилүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Кыргыз-казак чек арасынан өтө албай турган фуралардын айдоочулары үчүн чатырлар тигилип, тамак берилүүдө

2 / 3

Билдирмеге караганда, министрлик "Ак-Тилек" чек ара постунда жана Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 31-33-чакырымдарында төрт чатыр орноткон

3 / 3

Ал жерде сегиз куткаруучу, Тез жардам кызматынан бир бригада жана ИИМдин үч кызматкери нөөмөттө турат

Билдирмеге караганда, министрлик "Ак-Тилек" чек ара постунда жана Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 31-33-чакырымдарында төрт чатыр орноткон. Ал жерде сегиз куткаруучу, Тез жардам кызматынан бир бригада жана ИИМдин үч кызматкери нөөмөттө турат.
18-апрель күнү 300 айдоочуга тамак-аш берилгени айтылды.
ӨКМ 19-апрель саат 07:00гө карата "Ак-Тилек" постунда кезекте 268 оор жүк ташуучу унаа турганын белгиледи.
Буга чейин Чек ара кызматы казак тарап машиналарды жай өткөрүп жаткандыктан чек арага жүк ташуучу транспорт топтолуп калып жатканын айткан. Ошондой эле казак тарап маал-маалы менен жолду бир тараптуу жаап салып жатканы да маалым болгон. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев казак тарап фуралар боюнча келишимди аткарбаса мамилеге кесепети тиерин белгилеген.
Июнда Казакстан менен Россиянын ортосунда поезддик беш каттам жанданат