Сүйүнчү! Жоламандын агасы Тынар Шаршенбеков Азия чемпиону болду. Видео

Кыргызстандык балбан чечүүчү кармашта казак балбаны Мейрамбек Айнагулов менен кез келген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Монголияда болуп жаткан Азия чемпионатында Жоламан Шаршенбековдун бир тууган агасы Тынар Шаршенбеков атаандашын утуп, чемпион болду.
Грек-рим түрү боюнча балбан финалда казакстандык Мейрамбек Айнагулов менен кармашты. Беттештин экинчи бөлүгүндө кыргыз балбаны утуп жатып каршылашынын далысын жерге басып салган. Бул ыкманы атаандашы жасамак болгон.
Балбандар килемде 63 килограмм салмактагылар арасында күрөштү.
Шаршенбеков чейрек финалда индиялык Нирай Нирайды 10:4 упай менен, жарым финалда өзбекстандык Исломжон Бахрамовду 13:7 упай эсебинде жеңген болчу.
25 жаштагы Тынар Шаршенбеков — дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбековдун бир тууган агасы. Иниси да бүгүн күрөшүп жатат.
Азиянын күчтүү спортчуларын чогулткан мелдеш Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жатат.
Акжол Махмудов Азия чемпионатынын финалына чыкты. Атаандашы ким?