Радио

Баратов: Кыргызстанда джаз музыка маданияты калыптана баштады

"Джаз Бишкек Жаз" эл аралык джаз фестивалынын уюштуруучуларынын бири Данияр Баратов Кыргызстанда джаз топтору көбөйүп, эл аралык конкурстарга катышып келишерин айтты.
Sputnik
2006-жылдан бери өлкөдө "Джаз Бишкек Жаз" эл аралык фестивалы өтүп, учурда джаз маданияты калыптанып калды. Бул тууралуу Данияр Баратов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргыздын каадасын, салтын, жашоо-турмушун чагылдырган улуттук колориттеги мотивди камтыган кыргыз джазы пайда болду.
"Музыка маданиятында бир канча багыт бар. Джаз — музыканын эркин жанры. Анда импровизация үчүн чоң мейкиндик бар, музыкант өзүнүн да салымын кошо алат. Бул багытты Кыргызстанда өнүктүрүү үчүн Бишкекте 2006-жылдан бери "Джаз Бишкек Жаз" эл аралык фестивалы өтүп келет. Учурда джаз маданияты өлкөдө калыптанып калды. Кыргыздын каадасын, салтын, жашоо-турмушун чагылдырган улуттук колориттеги мотивди камтыган кыргыз джазы пайда боло баштады. Аны менен бирге джаз топтору көбөйүп, эл аралык конкурстарга катышып келишет", — деди Баратов.
Ошондой эле адис 17-ирет өтүп жаткан "Джаз Бишкек Жаз" эл аралык фестивалына Израиль, Түркия, Австрия, Швейцария, Өзбекстан жана АКШдан музыканттар келерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, 23-24-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда XVII "Джаз Бишкек Жаз" эл аралык фестивалы өтөт.