Акы төлөнөт. Кыргызстанда уюлдук телефонду каттоодон өткөрүү сунушталды

Телефон иштеп баштагандан 30 күн өткөнгө чейин каттоодон өтпөсө уюлдук байланыш операторлордун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу токтотулат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстанда уюлдук телефонду каттоодон өткөрүү сунушталды. Мыйзам долбоорун Санариптик өнүктүрүү министрлиги иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.
Бир уюлдук телефонду каттатуунун баасы жети эсептик көрсөткүчтү (700 сом) түзөт.
Телефондорду Түзүлүштөрдү каттоо мамлекеттик системасында каттоого алуу сунушталууда.
"Эгер телефон иштеп баштагандан 30 күн өткөнгө чейин каттоодон өтпөсө уюлдук байланыш операторлордун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу токтотулат", — деп жазылган долбоордун негиздемесинде.
Долбоорду ишке киргизүүнүн оң жана терс жактары бар экени белгиленген.
Оң жактары:
контрафакттык продукцияны өлкөгө алып кирүүгө бөгөт коюу аракети;
мобилдик түзүлүштөрдү каттоодон бажы төлөмдөр жана салыктар көбөйтүлүшү мүмкүн;
мобилдик түзүлүш уурдалган учурда байланыш кызматтарын көрсөтүү токтотулат.
Терс жактары:
лицензия алгандардын системасындагы маалыматтардын чаржайыттыгы;
бирдиктүү башкаруу борборунун жоктугу;
өлкө жарандарынын маалыматтары тарап кетиши мүмкүн;
сырттан келген уюлдук телефондор азайышы ыктымал.
Шоу-бизнес жылдыздары, абайлагыла! Милиция алдамчылардан сак болууну эскертти