БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстанда уюлдук телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 700 сом акы алынбайт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Буга чейин аталган министрлик уюлдук телефонду акы төлөп каттоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койгону айтылган.
"Мыйзам долбоорунун сунушталган вариантынын негиздемеси ЖМК өкүлдөрү тарабынан туура эмес чечмеленген. Ушуга байланыштуу коомчулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн коомдук талкууга коюлган документтин толук текстине бургубуз келет", — деп айтылат билдирүүдө.
Андыктан төмөндө негиздеменин 700 сомго байланыштуу бөлүгүн өзгөртүүсүз сунуштайбыз.
"Мыйзамдын ченемдерин аткаруу аракетинде Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин "Мобилдик байланыш каражаттарын, ошондой эле маалымат жиберүү үчүн пайдаланылган каражаттарды идентификациялоо маселелери жөнүндө" токтомунун долбоору (мындан ары - токтом долбоору) иштелип чыккан. Бул долбоор менен мобилдик байланыш каражаттары Идентификациялоо мамлекеттик тутумунда (мындан ары - ИМТ) каттоодон өткөрүлүшү керектиги белгиленген. Биринчи активдүүлүк аткарылган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде каттоодон өтпөгөн учурда каражат мобилдик уюлдук байланыш операторунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү токтотулат. Бир каражатты каттоонун баасы 7 эсептик көрсөткүч (700 сом) өлчөмүндө белгиленген".