Улуттук банк акча которуунун эрежесин өзгөрттү

Мурда акчаны кайсы өлкөдө экенине карабай каалаган валютада жөнөтүүгө мүмкүн болчу. Азыр ошол мамлекеттин улуттук валютасын гана жибере алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы акча которуу системасына байланыштуу эрежелерди убактылуу өзгөрттү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.
Жаңы эреже 19-апрелден тарта күчүнө кирет.
"Мындан ары Кыргызстанга которулган акчаны жиберген өлкөнүн гана валютасында алууга болот. Башкача айтканда, Россиядан рубль, Казакстандан теңге менен гана алууга уруксат берилет", — деп айтылат билдирүүдө.
Бирок ошол эле жерден, тагыраагы, алган банктын ошол учурдагы курсу менен каалаган валютага алмаштырса болот.
Эске салсак, буга чейин акчаны кайсы өлкөдө экенине карабай каалаган валютада жөнөтүүгө мүмкүн болчу. Мисалы, Россияда туруп доллар акча которууга уруксат берилчү.
Кыргызстандын банктарында кайсы валюта менен депозит ачса болот. Тизме