Кыргызстанда доллардын курсу боюнча жаралган түшүнүксүз жагдайга пикир

Кечээ күнкү учурдан пайдаланып банктардан доллар алып, кайра акча алмаштыруучу жайларга сатуу менен пайда көрүп калууга болот эле.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. 18-апрелде валюта рыногунда түшүнүксүз жагдай жаралды.
Кечээ күнү акча алмаштыруу жайларында долларды сатып алуу 86 сом болсо, банктарда сатуу курсу 85тен 86 сомго чейин болуп жатты. Мындай учурдан пайдаланып банктардан доллар алып, кайра акча алмаштыруучу жайларга сатуу менен пайда көрүп калууга болот эле.
"Апенди бизнесмен" (Sputnik Кыргызстандын долбоору) Telegram каналы мунун себебин билип көрдү.

Улуттук банктын жообу

Башкы банк билдиргендей, өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, акча алмаштыруу баасын сатуучу менен сатып алуучу аныктайт.
"Башкача айтканда, рынокто дагы банктардагыдай эле чет элдик валютага болгон баа суроо-талаптын негизинде аныкталат", - деди УБ.

Акча алмаштыруу жайлары эмне дейт

"Альянс" акча алмаштыруу бюролорунун ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов банктар менен акча алмаштыруучу жайларда курс башкачараак аныктала турганын билдирди. Мисалы:
Бюродо курс суроо-талапка жараша аныкталат;
Банктарда кызмат көрсөтүү тармагы кененирээк: накталай эмес эсептешүүлөр, кредиттер жана башкалар.
"Менин божомолум боюнча, банктарга курсту жогорулатканга караганда төмөн түшүргөн пайдалуу эле. Балким, аларда колдонулбай турган накталай эмес каражаты болгон. Акыркы жумада биз байкап жаткандай, накталай акча накталай эмеске караганда кымбат болду", - деди Рыскулов.
Кыргызстанда долларга караганда рублге суроо-талап өскөнү айтылды