Доллар туруксуз кезде Кыргызстанга келген туристтин эс алуусун ким төлөгөн? Жооптор

Интернет-колдонуучулар арасында "муну Моссоветтин меймандос жигиттери жасады" деген тамашалар тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. "Апенди бизнесмен" Telegram каналы (Sputnik Кыргызстан агенттигинин долбоору) кызыктуу пост жарыялады.
Жакында эле интернетке "табышмак" чыккан. Анда мындайча айтылат: Кыргызстанга чет өлкөлүк келип 1 000 долларды 105 сомдук курс менен алмаштырды. 25 миң сомду сарптагандан кийин калган акчасына кайрадан доллар сатып алды. Бирок ал кезде АКШ акчасынын курсу түшүп кеткендиктен кайра эле колуна миң доллар тийди. Ошондо анын Кыргызстандагы эс алуусун ким төлөгөн болот?
Интернет-колдонуучулар арасында "муну Моссоветтин меймандос жигиттери жасады" деген тамашалар болду. Бул Москва жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиши, анда көптөгөн акча алмаштыруучу жайлар жайгашкан.
Суроого валютага түздөн-түз тиешеси бар адамдар жооп беришти.
"Чет элдик коноктун эс алуусуна кеткен акчаны Кыргызстандын эли долларды 105 курс менен сатып алып, бир нече күндөн кийин 85тен сатуу менен төлөп беришти", — деди банктардын биринин башкармалыгынын төрагасы Максат Ишенбаев.
Ал эми "Альянс" акча алмашуу бюролор ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскуловдун пикири башкача.
"Эч ким төлөгөн эмес. Валюта курсунун туруксуздугу гана туристтин пайдасына иштеп кетти", — деди ал.
Эске салсак, дээрлик эки айдан бери валюта курсу туруксуз болуп келет.
Кыргызстанда долларга караганда рублге суроо-талап өскөнү айтылды