Жамгыр, мөндүр жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Аймактарда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. – Sputnik. 20-25-апрелде Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
20-21 жана 24-апрелде күндүз, ошондой эле 25-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кээ бир аймактарда мөндүр жаайт.
Абанын температурасы төмөндөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Кайрадан кар жаайбы? Бир аптанын аба ырайы