Радио

Талантбеков: "ибарат" деген сөз өрнөк, үлгү, мисал дегенди түшүндүрөт

"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздүн маанисин чечмелеп берди.
Sputnik
"Манас" эпосунда "ибарат" деген көөнө сөз кездешет. Ал өрнөк, үлгү, мисал дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, Манас баянында кездешкен көөнө сөздөрдүн көпчүлүгү учурда күнүмдүк турмушта колдонулбайт.
"Манас" эпосунда "ибарат" деген көөнө сөз бар. Аны адатта адамдын ысымы же кандайдыр бир студиялардын аты катары кездештирип калабыз. Залкар комузчуларыбыз чыгарган "Ибарат" деген күү бар. Эпосто бул сөз нуска, жакшы мисал, үлгү, өрнөк дегенди түшүндүрөт. Мисалы, эпосто "ибарат алгын ушундан, аракет кылгын жаш кезиңден, тушуңдан" деген саптар кездешет", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал тилди байытууда көөнө сөздөрдүн орду чоң экенин кошумчалады.